Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:54

Францияда ирандык оппозициячыл топтун куугунтукталышына байланыштуу өзүн өзү өрттөгөн кыз күйүктөн көз жумду


Ирандын Каршылык көрсөтүү кеңешинин маалымат кызматы билдиргендей, 25 жаштагы компютердик программист Нада Хасани бүгүн ооруканада кайтыш болду.
Бул кеңештин куугунтукталышына нааразы болуп, Францияда 10 киши өзүн өзү өрттөдү, алардын ичинен Хасаниге чейин бир киши күйүктөн көз жумган эле.
Франциянын полициясы эл аралык терроризмге байланышы бар деп шектелген ирандык оппозициячыл топтун куралчандар бөлүгүнөн 160 кишини камакка алган. Алардын көбү кийин бошотулду, 17 кишинин үстүнөн кылмыш иши козголду. Алардын арасында топтун башчысы Мариам Ражави да бар.
XS
SM
MD
LG