Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:32

ЭКК уюму тажик референдумуна тынчсыздануу билдирди


Өз билдирүүсүндө Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму референдумдун расмий жыйынтыгына ишенүү кыйын экенин айтат.
Тажикстандын борбордук шайлоо комиссиясы жекшембидеги референдумга шайлоочулардын 96 пайызы катышты деп билдирген эле.
Референдумга коюлган 56 суроонун негизгиси – президент Рахмоновго азыркы жети жылдык мөөнөтү 2006-жылы аяктагандан кийин дагы эки ирет бул кызматка шайланууга жол ачат.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Филип Риикер кечээ тажик референдуму эл аралык стандарт менен өткөрүлгөн жок деп билдирди. Ал тажик өкмөтүн өз саясатын акыйкат шайлоолордо элдин сынагына коюуга чакырды.

XS
SM
MD
LG