Бириккен Улуттар уюмунун курал инспекциясын жетектеп келген Бликс Ирактын массалык кыргын куралдары тууралуу америкалык чалгын кызматтары ишенимсиз маалыматтардын негизинде иш жүргүзүп келгенин билдирди.
Нью-Йоркто Тышкы байланыштар кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө ал АКШ Ирактын буга 100 пайыз ишенээрин айтып келип, бирок Саддам Хусейн кулагандан бери мындай куралды таба албаганын белгиледи:
- Курал жайларына келсек, чалгын маалыматы анчейин ишенимдүү эмес экенин сездик. Бул - таң калыштуу, массалык кыргын салуучу курал бар экенине 100 пайыз ишенесиңер, бирок алардын кайда экенин 0 пайызга билесиңер.
30-июнда кызматынан кетип жаткан Ханс Бликс Иракта массалык кыргын куралын таап алуу мүмкүнчүлүгүн четке каккан жок.