Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:10

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму саякатчыларга Бээжинге барбоого берген кеңешин күчүнөн кетирди


Уюм бүгүн Кытайдын баш калаасын өнөгөсүз өпкө оорусунан жапа чеккен аймактардын тизмесинен алып салды. Уюмдун аймактык директору Доктор Шигеру Оми Бээжин САРС оорусуна байланыштуу барбоого кеңеш берилген аймактардын эң акыркысы болгондугун билдирди.

- Бүгүнкү кадам Кытай үчүн гана эмес, бүткүл дүйнөдө САРСка каршы күрөштөгү бурулуш окуя болуп калды. Бирок мындай чоң жетишкендикке карабастан, биз кыраакылыктан баш тартпашыбыз керек. Көзөмөлдөө иштерин кеминде бир жыл улантыш керек.

Сасык тумоого окшош жугуштуу, бирок дарысы табыла элек САРС менен Бээжинде 2 жарым миң киши ооруп, алардын 340тан ашыгы каза тапты. Бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Бирок акыркы 12 күндө Кытайдын баш калаасында САРСты жуктуруп алган жаңы оорулар катталган жок.

XS
SM
MD
LG