Россиянын президенти Владимир Путин Британияда мамлекеттик визит менен жүрөт. Путин XIX кылымдан бери Британияда болгон Россиянын биринчи лидери.
Кечээ күнү Букингем сарайында падыша Елизаветанын коногу катары келген Путиндин урматына замбиректерден салют атылды жана сый тамак берилди.
Визит Ирак согушу учурунда осолдой түшкөн россиялык-британиялык мамилелерди жакшыртууга багытталган жана Россиянын Британия үчүн экономикалык мааниси өсө баштаганын күбөлөйт.
Путин премьер-министр Тони Блэр менен бейшемби күнү кездешет.