Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буштун айтымында, Усама бин Ладен жана Саддам Хусейн сыяктуу качкындарды кармоо убакыттын иши жана бул экөө кармаларына ал ишенет.
Ал мындай пикирин Кемп-Дэвидде Пакистандын президенти Первез Мушарраф менен чогуу берген пресс-конференцияда айтты.
Жорж Буш глобалдык террор АКШга катар Пакистан үчүн да коркунучтуу экенине да көңүл бурду:
- Кошмо Штаттары менен Пакистанга глобалдык террор коркунуч жараткан жана биз аны чечкиндүү жок кылабыз. Талибдерге каршы өнөктүктө Пакистан бизге олуттуу жардам көрсөттү. 11-сентябрдагы чабуулдан бери Пакистан 500дөн көп “ал-Каидачы” менен талиб террорчуларын колго түшүрдү.
Мушаррафтын сөзүнчө, “ал-Каиданын” негиздөөчүсү Усама бин Ладен колго түшпөс үчүн Пакистан менен Ооганстандын ортосунда качып жүрүшү мүмкүн.
Жорж Буш, ошондой эле, Конгресске кайрылып, Пакистанга 3 миллиард долларлык жардам көрсөтүүнү сураарын жана Вашингтон-Исламабад ортосундагы Соода жана инвестиция боюнча келишимге кол койоорун жарыя кылды.