Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:34

Иранда британиялык 6 полицай окко учту


Ирандын түштүк чыгышында шейшемби күнү британиялык алты полицай өлтүрүлдү жана сегиз жоокер жарадар болду.
Британиянын коргоо министри Жефф Хун британ парламентинде падышалык аскерий полициянын мүчөлөрү ирактык полицайларды машыктырып жүрүшкөн жана алдын ала маалыматка караганда, алар жергиликтүү полицайканада болгон калабага катышкан болушу ыктымал деп билдирди.
Ушул эле аймакта британиялык сегиз жоокер белгисиз адамдар менен болгон аткылашууда жарадар болгон.
Пентагондо жасаган билдирүүсүндө Кошмо Штаттарынын куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабынын төрагасы, генерал Ричард Майерс азыр Иракта согуш өтө кызып турган учурдагыдан дээрлик эки эсе аз сандагы америкалык аскер бар жана алар каршылыктын очокторун басуу үчүн пайдаланылат деп белгиледи:

- Биз региондогу 130 миңге жакын аскерди үйлөрүнө кайтаргандан кийин, Иракта АКШлык 146 миң аскер калды. Биз өзгөчө БААС партиясынын мүчөлөрү менен куралдуу топтордун каршылык очокторун басуудагы чечкиндүү аракеттенүүбүздү улантабыз.

АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд Кошмо Штаттары жетектеген Ирак согушунун алдында чалгындоо маалыматтары өтө кылдат чогултулган деген ишеничин билдирди.
Чалгындоо кызматтары согуш алдында Саддам Хусейндин режиминде массалык кыргын салчу куралдары бар деп ырасташкан болчу.
Рамсфелддин сөзүнчө, ал массалык жок кылуучу куралдар Иракта табыларына ишенет.

XS
SM
MD
LG