Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:34

«Арнамыстын» курултайы төраганы кайра шайлоо маселесин көтөрмөкчү


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын үчүнчү курултайы 28-июнда Бишкекте өтөт. Бул тууралуу партиянын штаб башчысы Эмил Алиев билдирди. Анын айтымында, курултайда партиянын устав-программасынын жаңы долбоору сунушталат. Мындан тышкары, сот реформасына, учурда түрмөдө жаткан партия башчысы Феликс Куловдун азыркы жагдайына байланышкан маселелер талкууланат. Курултайдын күн тартибинде партия башчысын кайра шайлоо маселеси да бар. Феликс Кулов «Арнамыстын» 1999-жылдын 9-июлунда өткөн алгачкы уюштуруу курултайында башчылыкка шайланган. Ал эми 2002-жылдын 11-октябрында Бишкек шаардык соту Ф.Куловду эркинен ажыратуу жөнүндөгү райондук соттун чечимин 7 жылдык мөөнөт менен күчүндө калтырган. Ф.Кулов ушул жылдын 8-апрелинен бери Сокулуктагы Жаңыжер түрмөсүндө жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

XS
SM
MD
LG