Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

Орусияда массалык маалымат каражаттарынын шайлоо учурундагы жоопкерчилигин күчөткөн мыйзам кабыл алынды


Өлкөнүн Федерация Кеңеши жактырган мыйзам эми президент В.Путин кол койгондон соң күчүнө кирет. Ага ылайык, саясий кампаниялар учурунда кайсыл бир талапкердин пайдасына үгүт эрежелерин эки ирээт бузган гезиттер жана телеканалдардын ишин токтотуу талабы менен Борбордук же чөлкөмдүк шайлоо комиссиялар сотко кайрыла алат. Орус бийликтери мыйзам сөз эркиндигин чектебейт деген ишенимде, бирок "Чек арасыз репортерлор" деген эл аралык уюмдун пикиринде, мыйзам маалымат каражаттарынын шайлоо жараянын чагылдыруудагы мүмкүнчүлүгүн азайтат.

XS
SM
MD
LG