Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:36

«Хамастын» эки мүчөсү жөөт аскерлерине кол салып, каза тапты

Окуя палестиндердин Бейт-Ханун шаарына жакын жерде болду. "Хамастын" өкүлүнүн билдиргенине караганда, куралдуу согушкерлер уюмдун жетекчилеринин биринин жакындагы өлүмү үчүн өч алуу максатында жөөт армиясынын таяныч бекетине кол салган. Ал эми Тель-Авив шаарынын чет жакасынан терракттарды даярдаганы үчүн шектелген эки палестин кармалды. Жөөт жана палестин коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрү бүгүн да жолугуп, палестин аймактарынан Израил аскерлеринин бир бөлүгүн чыгарууга байланышкан маселелерди талкуулайт.
​
XS
SM
MD
LG