Владимир Путин бүгүн жубайы менен Шотландияга келди. Ал бул жерде Эдинбург шаарынын тарыхый жайлары менен таанышып, Шотландиянын ишкер, илимий жана маданий чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушууда. Кечээ кечинде, британ канышасы Елизабет Букингем сарайында сый тамак берип жаткан учурунда Путин Орусиянын атынан Иракта алты британиялык жоокер курман болгонуна байланыштуу британиялыктарга көңүл айтты. Эртең ал британ премьери Тони Блэр менен жолугуп, эки өлкөнүн кызматташтыгына байланышкан маселелерди талкуулайт. Бул - Орусия мамлекет башчысынын Британияга соңку 129 жылдын ичинде жасаган алгачкы мамлекеттик визити.