Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Кант цемент-шифер комбинатына газ бериле баштады


БИШКЕК. Бүгүнкү маалымат жыйынында «Кыргызгаз» акционердик коомунун басма сөз катчысы Асел Максүтова Кант цемент-шифер комбинатына газ бериле баштаганын билдирди. Комбинат газ үчүн 20 миллион 900 миң сом карызын төлөбөй келгендиктен, быйыл 21-февралда ага газ берүү токтотулган. Маалымат жыйынында айтылгандай, комбинат карызынын 70% төлөп бергенден кийин, 20-июндан тартып газ ала баштаган. Узак сүйлөшүүлөрдөн кийин «Кыргызгаз» менен Кант цемент-шифер комбинатынын ортосунда келишимге кол коюлуп, ага ылайык комбинат карыздын калган бөлүгүн 15-июлга чейин толук төлөп берүүгө жана мындан ары газ акысын нак акча менен төлөп турууга милдеттенме алган.
Канттагы цемент-шифер комбинатынан тышкары, «Кыргызгаз» акционердик коомуна Бишкек жана Ош ТЭЦтери 140 млн. сом, эл 200 млн. сом карыз.

XS
SM
MD
LG