Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Кыргызстанда Баңгиликке каршы эл аралык күн белгиленди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанда Баңгиликке жана баңгизаттарга каршы күрөш боюнча эл аралык күнгө арналган акциялар уюштурулду. Аламүдүн районундагы Бешкүнгөй айылына жакын Таштарата чокусунда белгилүү дарыгер-нарколог Жеңишбек Назаралиевдин демилгеси менен бир нече килограмм баңгизат өрттөлдү. Акцияга катышкан биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов, Баңгизаттарга көзөмөл кылуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Алмаз Гарифулин жана 300дөн ашуун кыргызстандыктар баңгизаттардын адамга жана коомго алып келчү кесепеттерин талкууга алышты. Жеңишбек Назаралиевдин айтымында, мындан ары Кыргызстанда кармалган баңгизаттар дал ушу Таштарата чокусунда өрттөлүп турмакчы. Ушул эле күнү эстрада ырчылары Бишкектин Алатоо аянтында акцияны улантып, көрүүчүлөргө өнөр тартуулашты. 26-июнь - Баңгизаттарга каршы күрөш боюнча эл аралык күн Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен 1987-жылдан бери белгиленип келатат.

XS
SM
MD
LG