Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-кытай чек арасын ачууну сунуш кылды


БИШКЕК. Саламаттык сактоо министрлиги өнөгөсүз өпкө оорусуна байланыштуу 13-майда жабылган кыргыз-кытай чек арасын ачууну сунуш кылып, өкмөткө кайрылды. Министрликтин басма сөз катчысы Елена Баялинованын айтымында, азыр чек араны ачууга тийиштүү министрликтер менен комитеттердин макулдугу суралууда жана акыркы чечимди өкмөт кабыл алат. Министрликтин мындай сунушуна Кытайда жана дүйнөнүн башка мамлекеттеринде абал жакшырып, дарыгерлердин өнөгөсүз өпкө оорусун токтотууда ийгиликке жетишкени себеп болгон. Премьер-министр Николай Танаев өнөгөсүз өпкө оорусунун Кыргызстанга жайылышынын алдын алуу максатында 12-майда токтомго кол коюп, 13-майда Торугарт жана Эркечтам бекеттери жабылган. Андан үч күндөн кийин Кытай менен аба каттамдары токтогон. Бирок, чек ара жабылганына карабастан, Кытайдан жүк ташуу токтогон эмес.

XS
SM
MD
LG