ЧОЛПОНАТА. Орусиядагы жана Борбор Азия мамлекеттериндеги эмгек миграциясынын проблемаларына арналган Ысыккөл семинары бүгүн аяктады. ЕККУнун миграция секторунун башчысы Владимир Шковингдин айтуусу боюнча, ага Орусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын миграция кызматтарынын өкүлдөрү катышты. Семинарда өлкөлөрдүн миграция боюнча мыйзамдары талапка жооп бербестиги айтылып, аларды либералдаштыруу боюнча айкын сунуштар айтылды. Эмгек миграциясын ачыкка чыгаруу жана мыйзамдаштыруу негизги багыт деп табылды.