Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:14

ЕврАзЭСтин форуму аяктады


БИШКЕК. Бүгүн Чолпонатада Евразия Экономикалык Шериктештигинин форуму аяктады. Анын жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Анда бирдиктүү энергетика системасын түзүү, энергетика тармагында жүрүп жаткан реформаларды, иштелип жаткан мыйзамдарды жакындаштыруу, энергетикалык рынокту бириктирүү маселелери белгиленди. Мындан тышкары, резолюцияга Тажикстандагы Шантур жана Кыргызстандагы Камбарата-2 ГЭСтерин куруунун техникалык-экономикалык негиздемелерин иштеп чыгууну тездетүү жана бажы, салык, тариф, транзиттик каттамдар багытындагы саясатты өз ара жакындаштыруу жөнүндөгү жоболор да киргизилди. Илимий-практикалык конференция форматында өткөн бул жолугушууну ЕврАзЭСтин Энергетика саясаты боюнча кеңеши менен кыргыз өкмөтү уюштуруп, ага уюмдун баш катчысы жана уюмга мүчө болгон мамлекеттердин энергетика тармактарынын жетекчилери катышты. Уюмга Орусия, Беларусь, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстан мүчө. Армения байкоочу статусуна ээ.

XS
SM
MD
LG