ГДРдин бийликтери "Берлин дубалын" кургандан кийин сүйлөгөн президент Кеннеди кансыз согуштун айынан бөлүнүп калган шаар тургундарына тилектештик билдирген. Өзгөчө анын төмөнкү кептери эсте калган эле:
- Эркин адамдардын баары - кайсыл жерде жашаганына карабай - Берлиндин тургундары жана эркин адам катары мен да берлиндикмин деп айтканымда сыймыктанууну сеземин.
40 жылдык датага байланыштуу бүгүн Ж.Кеннединин сөзү Берлиндин ошол сөз сүйлөнгөн аянтында, ошол убактысында, башкача айтканда жергиликтүү убакыт боюнча 18:44тө кайра уктурулду. Президент Кеннеди Берлиндеги сөзүнөн кийин беш айдан соң мекенинде киши колдуу болуп өлгөн. Ал эми Берлин дубалы1989-жылдын октябрь айына чейин турду.