Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Европа Биримдиги агрардык реформаларды жактырды


Биримдиктин өлкөлөрү Люксембургдагы бүгүнкү жыйында кабыл алынган чечимди кубатташты. Анда айыл-чарба министрлери тармакты реформалоо саясаты боюнча мунасага жетишкен эле. Ага ылайык, 2005 – жылдан тарта фермелер өндүргөн продукция менен аларга берилүүчү субсидия өлчөмүнүн өз ара көз карандылыгын караган эреже жоюлат. Ушу кезге чейин Франция бул сунуштарга каршы болуп келген. Европа Биримдигинин бир жыл ичиндеги чыгымдарынын жарымынан көбү айыл-чарба субсидияларына кетет жана уюмдун жетекчилигинин пикиринде, келерки жылы он жаңы өлкө кошулганда субсидияларды төлөөгө күч жетпей калмак. Уюмдун айыл-чарба комиссары Френц Фишлер белгилегендей, эми жаңы саясаттын аркасы менен тармакта жаңы доор башталат:

- Биздин агрардык саясатыбыз жаңы эрежелерге ылайык толугу менен өзгөрөрүнө ишенем. Себеби Европа өзүнө жаңы жана натыйжалуу агрардык саясатты тартуулоодо.

XS
SM
MD
LG