Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Палестинанын жоочу топтору Израил менен элдешиши мүмкүн


Бул тууралуу палестиналык тарап билдирүүдө. Маселен, палестин лидери Ясир Арафаттын айтымында, ал "Хамас" жана "Исламчыл жихад " уюмдарынын элдешүү жөнүндөгү расмий жарыясын бүгүн күтүп жатат. Аталган топтордун өкүлдөрү болсо андай жарыя, балким, дагы бир нече күндүн ичинде болушу ыктымал экенин билдиришти. Анткен менен жөөт- палестин чатагын жөндөөнүн келечеги азыр деле түшүнүксүз. Израилдин тышкы иштер министри Сильван Шалом элдешүү долбоорун "алдамчылык" деп атап, экстремисттер жок кылынмайынча жөөт тарабы ага барбасын белгиледи. Кечээ АКШ президенти Жорж Буш да палестиналык жоочу топтор элдешүүгө бараарына күмөнсүнүү билдирип, "Хамас" сыяктуу уюмдарды талкалоо зарылдыгын белгилеген эле. Палестин бийлиги мындай чакырыктарды ылайыксыз жана "Хамас" өңдүү топторду жок кылуу аракеттери атуулдук согушка алып барат деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG