Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:56

Иракта жаңы жaрылуулар болду


Башкалаа Багдадды шаардын эл аралык аба бекети менен байланыштырган жолдо америкалык аскерлер коштогон автоколонна кетип бара жаткан кезде болгон жарылуудан бир адам өлүп, төрт киши жаракат алган. Курман болгон киши жана жаракат алган адамдардын бири - жергиликтүү электр ишканасынын кызматкерлери, үчөөсү америкалык аскерлер. Ал эми жарылууга кабылгандарга жардам берүү үчүн келе жаткан жолдо АКШ аскерлеринин дагы бир брондуу машинасы кырсыкка учурап, бир жоокер каза таап, экөөсү жаракат алган. Бүгүн маалымдалгандай, Багдаддын түндүгүндө дагы бир мунай кууру жардырылган.
Бул - акыркы эки аптанын ичинде өлкөнүн мунай-газ куурларындагы алтынчы жарылуу. АКШ армиясынын өкүлдөрү жогорудагы окуялар алардын Ирактагы миссиясына таасир тийгизе албасын билдиришүүдө. Британ бийликтеринин айтымында, алар Иракка кошумча аскер контингентин жиберип, коопсуздук чараларын күчөтүү маселесин караштырып жатат. Ирактагы британ аскерлери учурда өлкөнүн түштүгүндөгү Мажар ал-Кабир шаарында британиялык алты жоокерди өлтүргөндөрдү издөөнү улантышууда.

XS
SM
MD
LG