Украинанын оппозиция жетекчиси Виктор Ющенко бүгүн өлкө конституциясына өзгөртүү киргизүү тууралуу президент Леонид Кучманын сунушун сынга алды. Ющенконун айтымында, саясий реформалар Украинага керек, бирок конституцияны өзгөртүү - өлкөдөгү стабилдүүлүккө доо кетириши мүмкүн. Кучманын пикиринде, жаңы өзгөртүүлөр аткаруу бийлигинин укуктарын чектеп, парламенттин укуктарын кеңейтмекчи. Оппозициянын айтымында болсо Кучма аны менен 2004-жылга белгиленген президенттик шайлоону 2006-жылга жылдырып, өзү үчүнчү мөөнөткө президент болуп калууну көздөп жатат.