Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Сауд Арабиядагы куралчан топторго каршы катуу аракеттер көрүлүүдө


Сауд Арабиянын жетекчилиги өлкөдөгү куралчан топторго кайрылып, аларды куралын таштап, бийликке багынып берүүгө чакырды. Кечээ күнү коопсуздук кызматына Али Гамди аттуу адам багынып берген, америкалык чалгындоо кызматтарынын маалыматы боюнча, ал 12-май күнү Эр-Рияд шаарында ишке ашырылган жана 35 адамдын өмүрүн алган террор аракетин уюштурган. Чалгындоо маалыматтары боюнча, ал мурда Ооганстанда согушкан жана "ал-Каида" аттуу террордук уюм менен байланышкан. Ички иштер министри ханзада Наефтин айтымында, өзү багынбаган жоокерлерди бийлик баары бир табат.

XS
SM
MD
LG