Орус маалымат каражаттарынын бүгүн тараткан маалыматына караганда, Чечен жоокерлери жумурияттын жогорку мусулман жетекчилеринин бири муфтий Ахмад Шамаевдин уулун өлтүрүштү. Алар аны Вашиндарой айылындагы үйдөн алдап алып чыгып, барымтага алган жана алардын артынан кууган үч милициячы да кийин өлтүрүлгөн. "Независимая газетанын" жазышынча, бул окуя менен байланыштуу орус аскерлерин Чеченстандан чыгаруу планы үзгүлтүккө учуроодо. Андан тышкары кечээ күнү Чеченстанда 13 орус аскери атып өлтүрүлдү.