Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Орус президентинин Улуу Британияга болгон сапары соңуна чыкты


Орус президенти Владимир Путин Улуу Британияга болгон төрт күндүк мамлекеттик сапарын бүтүрүп, бүгүн Маскөөгө кайтып келди. Кетээр алдында Путин жана анын жубайы Людмила Лондондогу падышалык сарайда каныша Элизабет менен дагы бир жолу жолукту. Кечээ күнү Путин премьер-министр Тони Блэр менен эки тараптуу сүйлөшүү жүргүздү жана башка маселелер арасында Ирандын өзөктүк программалары тууралуу да сөз болду. "Премьер-министрге мен Иран менен Орусия ортосундагы кызматташуу тууралуу маалымат бердим жана биз Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик менен Тегеран кызматташууга тийиш деген бир пикирге келдик" , - деп билдирди Путин жолугушуудан кийин. Андан тышкары Путин Ирактагы убактылуу америкалык башкаруучулукка жана АКШ менен Британиянын Ирактагы аскерлерине колдоо көрсөттү.

XS
SM
MD
LG