Линктер

бейшемби, 19-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:38

Иракта жоголгон америкалык аскерлерди издөө улантылууда


Иракта 26-июнда жоголгон эки америкалык аскерди издөө улантылууда жана аны менен байланыштуу бүгүн үч адам кармалды. Кээ бир кабарлар боюнча, америкалыктар Багдад шаарынын алдында күзөт жүргүзүп жаткан учурунда барымтага алынган. Ошол эле 26-июнда Иракта куралдуу кагылышуу учурунда дагы эки америкалык аскер менен эки ирактык жоокер набыт болгон жана дагы бир америкалык аскер жол кырсыгынан каза тапты. 27-июнда болсо Иракта дагы бир америкалык аскер атып өлтүрүлдү. Ал эми Бириккен Улуттардын терроризм боюнча комитети атайын билдирүү жасап, Ирактын мурдагы жетекчилиги менен "ал-Каида" аттуу террордук уюм ортосунда байланыш бар экендиги тууралуу америкалык маалыматтарга далил азырынча табыла электигин кабарлады.
XS
SM
MD
LG