Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:25

Жөөт аскерлери түндө Газа тилкесинде төрт арабды атып өлтүрдү


Израилдик аскерлер aлтүндө Газа тилкесиндеги бир айылга чабуул жасап, төрт адамды атып өлтүрдү. Жөөт жетекчилеринин айтымында, "Хамас" уюмунун жоокери Аднан Гүлдүн үйүнө чабуул жасалган, бирок ал үйүндө жок болуп чыккан. Анткен менен куралдуу кагылышуу учурунда "Хамастын" башка үч жоокери жана дагы бир карапайым адам өлтүрүлгөн, үй болсо жардырылып жок кылынган. Бул аскерий аракет - Израил менен Палестина автономиясы жана Палестина менен араб аскерий уюмдары ортосундагы сүйлөшүүлөр жыйынтык бере баштаганда орун алып жатат. Дем алыш күндөрү Жакынкы Чыгышка АКШ президентинин коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс келет.

XS
SM
MD
LG