Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

«Интергласс» ишканасы облигация чыгарды


БИШКЕК. Токмоктогу айнек чыгаруучу «Интергласс» ишканасы 20 миң облигация чыгарды. Ар биринин наркы 100 евро турган бул облигациялар 12% менен эки жыл жүгүртүлөт. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында Баалуу кагаздар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Уран Абдынасыров маалымдады. Анын билдиргенине караганда, баалуу кагазды ишкана өз продукциясынын сапатын көтөрүү максатында чыгарды жана аны жүгүртүү 11-июлда башталат. Жоопкерчилиги чектелген «Интергласс» ишканасы жасаган айнек Борбор Азия мамлекеттери менен Орусиядан тышкары Голландияда, Түркияда жана Ооганстанда таратылууда.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Кубат Оторбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG