Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Быйыл чет өлкөлүк жарандарга байланыштуу 45 кылмыш иши катталган


БИШКЕК. «2003-жылы чет өлкөлүк жарандарга байланыштуу 45 кылмыш иши катталып, анын көбү кол салуу болгон. Ал кылмыштардын 35инин бети ачылды», - деп билдирди бүгүн «Азаттыкка» Ички иштер министрлигинин чет элдик жарандардын иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Айбек Жайлообаев. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Бишкекте чет өлкөлүк 15 элчилик каттоодон өткөн жана 1991-жылдан бери Кыргызстандагы чет өлкөлүктөрдүн саны он эсе өсүп, азыр республикада 23 миңге жакын чет өлкөлүк жаран бар. Алардын 70% - Азия жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин, Кытайдын, Түркиянын, Ирандын жарандары. Ооганстандан, Бангладештен, Шри-Ланкадан келгендердин көпчүлүгү Кыргызстанга ишкерлик үчүн эмес, Кошмо Штаттарга жана Европа мамлекеттерине өтүп кетиш үчүн да келишет. Айбек Жайлообаевдин айтымында, былтыр чет өлкөлүк жарандарга карата 116 кылмыш иши катталып, алардын отуз экисинин бети ачылган.

XS
SM
MD
LG