Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:15

Бишкекте калкты химиялык куралдардан коргоого арналган семинар аяктады


БИШКЕК. «Калкты химиялык куралдардан коргоо» деп аталган семинар бүгүн Бишкекте өз ишин аяктады. Беш күн бою Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, жарандык коргонуу кызматтарынын, Коргоо, Тышкы иштер жана Ички иштер министрликтеринин адистери капысынан химиялык курал колдонулуп калса, кандай аракеттерди көрүш керектигин үйрөнүштү. Семинарды штаб-квартирасы Гаагада жайгашкан Химиялык куралдарга тыюу салуу уюму Кыргызстандын Тышкы иштер, Коргоо, Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрликтери менен чогуу уюштурду.
Химиялык куралдарга тыюу салуу уюмунун бул семинарды өткөрүш үчүн Кыргызстанга келген өкүлү Хасан Машхади бүгүнкү маалымат жыйынында: «Совет бийлигинен Кыргызстанга мураска калган, калкты химиялык куралдардан сактай турган жабдуулар эскирди, андыктан алар жакшылап оңдоого муктаж», - деп билдирди. Хасан Машхадинин айтымында, кыргын салуучу химиялык куралдарды пайдалануунун коркунучу дүйнө жүзү боюнча сакталып турат, бирок андай чабуул качан, кайсы мамлекетке каршы жасалаары тууралуу так маалымат жок.
Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун «Химиялык куралдарды жасоого, чыгарууга, сактоого жана колдонууга тыюу салуу тууралуу»» конвенциясына 2003-жылы 29-апрелде кол койгон.

XS
SM
MD
LG