Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

Чолпонатада Шериктеш өлкөлөрдүн энергетиктеринин жыйыны болду


ЧОЛПОНАТА. Чолпонатадагы «Аврора» санаторийинде Евразия Экономикалык Шериктештигинин энергетика форумуна улай бүгүн КМШ өлкөлөрүнүн Электр энергетикалык кеңешинин 23-отуруму өттү. Аны соңунда өткөрүлгөн пресс-конференцияда кеңештин төрагасы, Орусиянын РАО ЕЭС компаниясынын жетекчиси Анатолий Чубайстын айтканына караганда, анда КМШ өлкөлөрүнүн бирдиктүү энергетикалык рыногун түзүү маселеси каралды. Ал Кыргызстан менен Орусиянын өкүлдөрүнүн ортосунда Кыргызстандын электр энергиясын Орусияга экспорттоо маселеси тууралуу сүйлөшүү болгонун билдирди. Бирок, болочок экспорттун көлөмү тактала элек. Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаевдин айтымында, Дүйшөмбү шаарында өткөрүлгөн отурумда сөз болгондой, Кыргызстан менен Тажикстандын курулуп бүтпөй аткан ГЭСтерин бүтүрүү тууралуу сөз болду. Бирок бул боюнча конкреттүү чечим кабыл алынган эмес, тараптар ал тууралуу сүйлөшүү жүргүзүүнү гана макулдашты.

XS
SM
MD
LG