БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү» мыйзамды кабыл алышты. Ага ылайык Кылмыш кодексине жана Административдик кодекске киши сатууга жана адамдарды чек арадан мыйзамсыз алып өтүүгө каршы жазаларды күчөтүү боюнча өзгөртүүлөр киргизилди. Мыйзам долбоорун депутаттардын алдында коргоп, сөз сүйлөгөн биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов адам аткезчилиги Кыргызстан үчүн өтө курч проблемалардын бири экенин белгиледи.
Мыйзам долбоорунун бир автору депутат Токтокан Боромбаеванын айтымында, мындан ары Кылмыш кодексинин 124-беренеси киши сатууга арналып, кылмыштын жаза мөөнөтү күчөтүлдү. Административдик кодекске кирген өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго ылайык, балдар үйүндө тарбияланып жаткан жетимдерди сатууга көмөктөшкөн кызматкерлер акчалай жазага кириптер кылынмак болду.
Эл аралык миграция уюмунун эсебинде, Кыргызстанда жыл сайын 4000дей киши адам аткезчилигинин курмандыгы болот.