КАРАКОЛ. Облустук бийликтин атайын токтому менен Ысыккөлдө баңгиликке жана бангизаттарды сатууга каршы штаб түзүлдү. Токтом күчүнө кирген күндөн тартып облустук, райондук айыл жана суу чарба департаменттери каракуурай жыш өскөн аянттардын карта-схемасын түзүүгө милдеттүү. Ал эми саламаттык сактоо, билим берүү тармактары, тартип коргоо органдары баңгилерди комплекстүү текшерүүдөн өткөрүү, өспүрүмдөр арасында профилактикалык иш-чараларды уюштуруу үчүн нарколог-дарыгерлердин активдүүлүктөрүн күчөтүшөт. Мындан тышкары, тартип коргоо органдары облустук штабга «Мак-2003» операциясы тууралуу ай сайын так маалыматтарды берип турушу керек. Былтыр «Мак-2002» операциясында облус боюнча 87 атайын бригада түзүлүп, 2 миң 824 гектар аянттан 41 миң 700 тонна каракуурай тазаланган.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Кубат Оторбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Кубат Оторбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов