НАРЫН. Ош шаардык жана Ош облустук ишкерлер ассоциациясы президент Аскар Акаевге «Кыргыз Республикасынын баатыры» деген наам ыйгаруу демилгесин быйыл 16-апрелде көтөрүп чыккан. Ассоциация мындай демилгени колдоого өлкөнүн башка облустарындагы ишкерлерди да чакырган. Бүгүн Нарын облустук ишкерлер жана товар өндүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы Таласбек Байбошовдун айтымында, азыр Нарын облусунун бардык райондорунда жыйындар өтүп жатат. Анын сөзү боюнча, бул жыйындарда оштук ишкерлердин демилгеси колдоого алынаары айтылууда.
Нарындык айрым ишкерлер А. Акаевге «Кыргыз Республикасынын баатыры» наамын ыйгарууну колдоп жатышат