Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

Еврокомиссиянын Майлысуу уран шакелдери боюнча долбоору өз ишин жыйынтыктады


БИШКЕК. Еврокомиссиянын Майлысуудагы уран шакелдеринин коркунучтуулугуна техникалык-экономикалык талдоо жүргүзүү боюнча 2 жылдык долбоору өз ишин жыйынтыктады. Еврокомиссиянын тараткан маалыматына караганда, долбоордун жыйынтыгында шахтада түзүлгөн опурталдуу кырдаал тууралуу маалыматтар көп топтолду жана эң коркунучтуу делген № 3-уран шакелиндеги абал кыйла оңолду. Бирок жергиликтүү адистер бул долбоордун алкагында чет элдиктер чыгарып берген жыйынтыктар менен сунуштар жаңылык деле эмес экенин, көрүнүктүү жылыштар болбогонун белгилешүүдө. Долбоордо каралган 130 миң евро баасындагы көзөмөлдөп-ченеп туруучу жабдуулар да келелек. Долбоор алкагында жергиликтүү фирмаларга 30 миң евро бөлүнгөн. Ал эми долбоордун жалпы бюджетинин 2/3 бөлүгүн түзгөн жарым миллион евро тендерди утуп алган чет өлкөлүк фирманын ишин камсыз кылууга жумшалган.

XS
SM
MD
LG