БИШКЕК. «Бишкек шаарында 2003-жылдын беш айында кургак учук менен ооругандардын саны 5,8% өстү», деп билдирди бүгүн Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык борбору. Былтыр январь-май айларында кургак учук менен ооруган 423 киши катталса, быйылкы жылдын беш айында 448 киши кургак учук менен ооруй тургандыгы аныкталган. Кыргызстан Борбор Азияда кургак учук менен ооругандардын саны боюнча алдыңкы орунда. 1996-жылы өлкөдөгү 100 миң адамдын 86сы кургак учук менен ооруса, 2002-жылы 100 миң кишинин 126сы ушул дарттан жапа чегээри аныкталган. Юстиция министрлигинин билдирүүсү боюнча, түрмөлөрдө кургак учуктун ачык формасы менен ооруган 2,5 миң киши кармалууда жана ооруну негизинен абактан жыл сайын мунапыс алып бошогондор таратышат.