Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:37

Кыргызстанга Норвегиядан делегация келет


БИШКЕК. 1-июлда Бишкекке Норвегия Королдугунун делегациясынын келиши болжолдонуп жатат. Норвегиянын айлана-чөйрөнү коргоо министри, БУУнун Туруктуу өнүгүү боюнча комитетинин башчысы Бьорге Бренде жетектеген делегациянын иш сапары 3-июлга чейин уланат. Делегациядагылар президент Аскар Акаев, экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Сатыбалды Чырмашев, Ош облусунун губернатору Накен Касиев менен жолугушуп, эки тараптуу, көп тараптуу жана регионалдык кызматташтык алкагында айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин талкуулашат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

XS
SM
MD
LG