Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Баткен облусунда иштеген өзбекстандык жана тажикстандык мигранттар кескин азайды


БАТКЕН. Облустук миграция бөлүмүнөн бүгүн алынган маалыматка караганда, буга эмгек мигранттарынын ишин мыйзамдаштыруу максатында чек ара аймактарында бир канча жолу рейд жасалышы, калк арасында түшүндүрүү иштери себеп болгон. Мындай иштер кыргыз өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандагы иштеши тууралуу токтомунун негизинде аткарылууда. Бул токтомго ылайык чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстанда жалдап иштетүүчүлөр миграция кызматынан атайын уруксат алууга тийиш. Облус аймагынан ижарага жер алып иштетип жаткан кошуна өлкөлөрдүн жарандарынын саны да такталууда. Алар такталып бүткөн соң жер ээлерине да ушундай эле талап коюлмакчы. Буга дейре облус аймагына Тажикстан менен Өзбекстандын чектеш аймактарынан күн сайын болжол менен 500дөй адам келип, эгин талааларында жалданып иштеп кетишчү. Азыр алардын айымдары чек ара бекеттерине кирбей, айланма жолдор аркылуу келип-кетүүгө өтүштү.

XS
SM
MD
LG