Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

Мектеп окуучуларына адептик жана рухий-ыймандык билим берүүнүн концепциясы талкууланды


БИШКЕК. Бүгүн Билим берүү жана маданият министрлигинде өткөн «тегерек үстөл» жыйынында педагог-окумуштуулардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн жана дин кызматкерлеринин катышуусунда «Мектеп окуучуларына адептик жана рухий-ыймандык билим берүүнүн концепциясы» талкууланды. Концепцияны билим берүү жана маданият министри Ишенгүл Болжурованын быйыл 13-майда чыгарган буйругунун негизинде Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Советбек Байгазиев баштаган окумуштуулар тобу иштеп чыккан. Концепцияга ылайык 1-4-класстарда «Адеп» сабагы, 5-7-класстарда «Мурас», 8-класста «Адам», 9-класста «Үй-бүлө», 10-класста «Эл таануу», 11-класста «Маданият» сабактары окутулмакчы. Талкууга катышкандар окуучуларды ыйманга тарбиялаган сабактарды жалпы билим берүүчү мектептердин окуу пландарына милдеттүү сабак катары киргизүүнү, үзгүлтүксүз билим бериш үчүн бул сабакты жогорку окуу жайларына да киргизүүнү сунуш кылышты. «Концепцияны «Ыйман сабагы» деп атоо туура болот» деген чечим кабыл алынды. «Тегерек үстөлдөгү» алымча-кошумчалардан кийин концепция Билим берүү жана маданият министрлигинин коллегиясына сунушталат. Анда жактырылса, окуу программасы иштелип чыгып, ал быйылкы окуу жылында бардык мектептерге милдеттүү түрдө кирмекчи.

XS
SM
MD
LG