БИШКЕК. «Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетиндеги мыйзам бузуулар аныктала баштады. Комитеттин башкы эсепчиси Сурмагүл Масакеева акыркы бир жарым жылдагы финансылык отчетту «уурдалып кетти» деп, текшерүүчүлөргө көрсөтпөй жатат», - деп билдирди бүгүн «Азаттыкка» комитеттин Талас облусу боюнча мурдагы координатору Ырыскелди Момбеков. Бирок комитеттин өкүлү Гияз Токомбаев аны төгүндөп, текшерүүнүн жыйынтыгы чыкмайынча комитетти күнөөлөө эртелик кылаарын, ал эми комитеттин акыркы бир жарым жылдагы финансылык отчеттору чындыгында эле уурдалып кеткенин билдирди. Мурда «Азаттык» кабарлагандай, комитеттин башкы донору болгон голландиялык «Хивос» уюму жалдаган «Price Waterhouse Coopers» компаниясынын өкүлдөрү Марк Гоцче менен Адилхан Темирбеков комитетке акыркы жылдары бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылганын 25-июндан бери текшеришүүдө.