Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:15

Бишкекте «Арнамыс» партиясынын III курултайы өттү


БИШКЕК. Бүгүн «Арнамыс» партиясынын III курултайы өттү. Анда Кыргызстандагы саясий-экономикалык кырдаал, уюмдун уставынын жана программасынын долбоорлору, уюштуруу маселелери талкууланып, резолюция кабыл алынды. Жаңырган уставына жана программасына ылайык, курултай мурдагыдай жыл сайын эмес, эки жылда бир өтө турган болду. Ал эми жергиликтүү, парламенттик, президенттик шайлоого талапкерлерди сунуштоо укугу жергиликтүү конференцияларга берилди. Мындан тышкары, курултайда партиянын 14 кишиден турган саясий кеңеши шайланды. Партиянын төрагалыгына Феликс Кулов, жаңы уставга ылайык анын эки орун басарлыгына Эмил Алиев менен Виталий Бусель шайланышты. Курултай Аламүдүн районуна караштуу Каракоо аймагындагы дачалардын биринде болуп, ага жер-жерлерден чакырылган 100 делегаттын 98и катышты.

XS
SM
MD
LG