Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:17

ОРУСИЯ ТҮРКМӨНСТАНГА СОГУШ ЖАРЫЯЛАЙБЫ? МАЙРАМ АКАЕВА САЯСИЙ ИШМЕРДҮҮЛҮККӨ ТАЛАПТАНАБЫ?


Төрөкул Дооров, Москва шаары. Орусиялык басма сөз беттериндеги Борбордук Азия мамлекеттерине арналган материалдарда аймактагы саясий башкаруунун тибин талдоого айрыкча аракет жасалгандыгы байкалды.

Өтүп бараткан апта Борбордук Азия мамлекеттеринде орун алган бир катар орчундуу окуялар менен коштолду. Түркмөнстандагы көптөн бери уланып келаткан кош атуулдук чатагы жана өлкөгө кирүүчү чет элдиктерди текшерүүгө арналган жаңы тартиптер, Тажикстандагы референдум менен Имомали Рахмоновдун президенттик мөөнөтүнүн узартылышы, Кыргызстан мамлекет башчысы Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаеванын жаңы китебинин жарык көрүшү менен өлкөдөгү көз карандысыз маалымат каражаттарына айтылган сын көз караштар орусиялык ири гезиттердин аймактагы башкаруу бийлигинин табиятына дагы бир ирет кайрылуусуна негиз болду.

«Независимая газета», «Время новостей», «Время МН» менен «Родная газета» басылмалары Орто Азия чөлкөмүндөгү ар бир мамлекет башчысынын президентикке карата мамилеси туурасында макалаларды басышты.

«Родная газетанын» жума күнкү санында Шериктеш мамлекеттердин аймагындагы саясий кырдаал талкууга алынат. Анда айтылгандай, постсоветтик аймакта коомдогу саясий системанын калыптанышы эки түрдүү багытта ишке ашырылат: Биринчиси, формалдуу түрдө демократиялык баалуулуктар менен сүрөттөлгөн азиялык тип, ал эми экинчи тиби - көбүрөөк европалык саясий маданиятка жакын. Бул эки түрдүү саясий системанын биринчисине автор бардык ортоазиялык мамлекеттер менен Азербайжанды кошту. Ал эми экинчи тиби Грузия, Армения жана Молдовага мүнөздүү деп жазат. Гезиттин ишениминде: «Эң башкысы – азиялык саясий формада түзүлгөн өлкөлөрдө АКШнын басымы күчөгөн учурда Орусия активдүүлүгүн көрсөтүп, бул жумурияттарды авторитардык коом түзүлүшүнөн алып чыгуусу керек».

Ошол эле учурда көптөгөн саясий эксперттердин айтымдарында, Орусия өзү авторитардык режимден алыс кете элек. Ушул эле темада кебин улаган «Время МН» алдыдагы бир канча жылдарга көз чаптырып: «21-кылымдагы Орто Азия демократиясы андагы жетекчилерге альтернативанын жоктугун көрсөтөт», - деп жазды.

Түркмөнстандагы кош атуулдукка ээ орус атуулдарынын тагдыры туурасындагы материалдар акыркы жумада өтө эле курч мүнөзгө ээ боло баштады. «Түркмөн тараптын Орусия менен 1993-жылы кабыл алынган кош атуулдук тууралуу келишимден бир тараптуу чыгышы өлкөдөгү жүз миңдеген орус атуулдарын өтө катаал жагдайда калтырды. Эми орус атуулдугун тандагандар Түркмөнстандан кантип чыгып кетүүнүн айласын да таппай турушат. Ал эми алардын үйлөрүн өлкөнүн күч структуралары зордуктоо менен тарта башташты», - деп жазды жума күнү «Независимая газета» .

Ушул эле басылманын маанайына үндөшүп, «Известия»: «Ниязов Орусияга ачык эле шылдыңдоо менен мамиле жасап жатат» деп жазып чыкты. Ишембиде чыккан санында гезит мындай деп жазат: “Ниязовдун орус атуулдарына карата чыдап болгус мамилелерине расмий Москва эч кандай жооп берген жок. Түркмөнбашынын орус атуулдарына көрсөтүп жаткан мындай оюндары, биринчи кезекте, Кремлге, Путиндин өзүнө жасалган чакырык” . Ошондуктан «Известия» бул маселенин чечилүүсүн бир гана жол менен көрөт – «Эгер керек болсо Москва Ашгабатка согуш жарыялоосу керек. Бирок проблеманы алгач сөзсүз түрдө сүйлөшүү жолу менен чечкенге аракет кылуу абзел» дейт гезит. Анткен менен эмоционалдык катаал маанайга гезитте кеңири орун берилди. «АКШнын душманы Саддам Хусейн болсо, анда Сапармурат Ниязов да Москванын душманы деп таанылуусу керек»^ - деп ойлойт гезиттеги баш макаланын автору. Макалада Түркмөн армиясынын күчүнө да көңүл бурулуп, анын чоң соккуга карата даярдыгы кандай экендиги тууралуу эксперттердин ойлору айтылды. Дегинкиси, Түркмөнстан тууралуу бул өңдүү макалалар орус басма сөзүндө акыркы күндөрү өтө эле көп кездешүүдө.

Кыргызстан өтүп бараткан жумадагы орус гезиттеринде бир эле тема боюнча жандуу талкууну жаратты. Бул – Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаевдин жубайы, профессор Майрам Акаеванын кезектеги китебинин жарык көрүшү. «Үмүттүн шооласы өчпөйт» деген аталыштагы китебинде Майрам Акаева анын күйөөсүн дайыма сынга алып келген «эркин басма сөз» тууралуу кандай ойдо экендигин таамай көрсөттү. Биринчи айымдын пикиринде, «эркин басма сөз анын донорлоруна көз каранды жана мындай басылмалар үчүн өлкөнүн абройу эч канчалык мааниге ээ эмес» деп жазат «Время новостей» . Акаева көз карандысыз басма сөз өкүлдөрүн эле эмес, көз каранды эмес парламентарийлерди да сынга алып, аларды «тарбия көрбөгөн сабатсыз адамдар» деп айткан жери бар деп жазды басылма. Негизинен президенттин жубайынын мындай насаатчыл китеби туурасындагы макаласында «Время новостей» профессор жана «Мээрим» кайрымдуулук Корунун төрайымы болгон Акаеванын жалпы эле КМШ өлкөлөрүнүн аймагындагы президенттердин жубайларынын арасында ээлеген салмактуу орду туурасында өзгөчө баса белгилейт.

Майрам Акаеванын кайрымдуулук менен байланышкан ишмердүүлүгүнөн да саясий ордуна көбүрөөк басым жасаган «КоммерсантЪ» гезитинин ишениминде, Аскар Акаевден кийинки президенттик кызматка келүүчүлөрдүн бири Майрам Акаева болуп калышы да ажеп эмес. Майрам Акаеванын айтымында, «акыркы шайлоолор алдында өткөрүлгөн сурамжылоого ылайык, калктын 81 пайызы аны колдойт». Акаева тарабынан өзү тууралуу мындай мүнөздөмөнүн айтылуусу да, анын саясий активдүү ишмердүүлүк жаатына жакын экендигин аныктайт» деп эсептешет орусиялык баяндамачылар.
XS
SM
MD
LG