Бүгүн Москванын 100дөй тургуну БУУнун ал жердеги кеңсесинин алдына чыгышып, Югославиянын мурдагы президенти Слободан Милошевичке эркиндик берүүнү талап кылышты. “Милошевичке эркиндик”, “Буш менен Блэрге трибунал” деп кыйкырышкан жарандар андан кийин Нидерландиянын элчилигине да барышты. Югославиянын мурдагы президенти Слободан Милошевич тукум курут саясаты үчүн эл аралык сотко берилип, азыр иши каралууда.