Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:23

Эртең Ысыккөлдө Борбор Азияда регионалдык сооданы өнүктүрүүгө арналган эл аралык конференция башталат


БИШКЕК. Эртең Ысыккөлдө «Борбор Азияда регионалдык сооданы өнүктүрүү» деген темадагы эл аралык конференция өз ишин баштайт. Кыргызстанга тышкы инвестицияларды тартуу боюнча президенттин атайын өкүлүнүн катчылыгынан алынган маалыматка караганда, анда Борбор Азияда регионалдык сооданы өнүктүрүү боюнча жалпы иш-чаралардын планы иштелип чыгышы күтүлөт. Жыйында регионалдык сооданы өнүктүрүүгө тоскоолдук кылган факторлорду жоюу маселесине айрыкча көңүл бурулмакчы. Конференциянын катышуучулары региондогу сооданын азыркы абалын, Борбор Азияда соода саясатын калыптандыруу жана региондогу соода мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү маселелерин талкуулашат. Алар ошондой эле Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирүү боюнча Борбор Азия өлкөлөрүндөгү кырдаалды сөз кылышат. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен азырынча Дүйнөлүк Соода Уюмуна Кыргызстан гана кирген. Эл аралык конференциянын ишине Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын өкмөт мүчөлөрү жана ишкерлери катышат. Кыргызстандан бул жыйынга вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, өкмөт аппаратынын жооптуу кызматкерлери жана ишкерлер катышмакчы.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдаган - Азиза Турдуева

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG