Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:06

Бишкекте үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча семинар болот


БИШКЕК. 13-июлда Бишкекте «Исламда үй-бүлөнү пландаштыруу» деген темада эки жумалык семинар башталат. Жыйын Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы Калкты жайгаштыруу фондунун жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын демилгеси менен уюштурулууда. Ага өлкөдөгү диний окуу жайларынын, алардын ичинде 7 ислам институтунун, 39 медресенин жетекчилери, ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын, Саламаттык сактоо министрлигинин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат. Буга чейин, 2001- жана 2002-жылдары мындай семинарлар райондордун имамдары жана облустардын казылары үчүн өткөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG