Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Эл өкүлдөр жыйыны өз ишин улантууда


БИШКЕК. Эртең Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын XVI сессиясы өз ишин улантат. Бул күнү депутаттар Кыргызстандагы тышкы соода иштеринин абалы жана келечеги, мамлекеттик жөнгө салынышы жөнүндө тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жиенбековдун маалыматын, «Балык чарбасы жөнүндөгү» мыйзамдын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги тарабынан аткарылышы жөнүндө министр Александр Костюктун баяндамасын угушат. Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан ушул эле күнү «Кыргыз өкмөтү менен Ага Хандын Экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосундагы экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу», ошондой эле «Кыргыз өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы аба катнашы жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамдар каралат. Бүгүн Эл өкүлдөр жыйынынын маалымат кызматы кабарлагандай, эртең палатада өкмөттүк саат болушу да ыктымал.

XS
SM
MD
LG