БИШКЕК. Эртең Бишкекте кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги сүйлөшүүлөрү башталат. Бул сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө «Кайсы документтердин негизинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы аныкталууга тийиш?» деген маселе боюнча талкуу улантылат. Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөр өткөн жылдын аягында Бишкекте башталган. Андан соң бул маселе Дүйшөмбүдө каралган. Айрым маалыматтар боюнча, кыргыз-тажик чек ара тилкесинин узундугу 940 чакырымды түзөт жана анын ичинен талаш туудурган 40 участок бар.