Кошмо Штаттардын жана Британиянын Ирактагы бириккен аскер күчтөрү бейшемби күнү америкалык эки жоокердин дайынсыз жоголушу боюнча иликтөөлөрүн улантышууда. Белгисиз бирөөлөр тарабынан өлтүрүлгөн америкалык эки жоокердин сөөгү ишемби күнү Багдаддан 30 чакырым түндүк-батышта табылды. Өткөн аптада Ирактын түштүгүндө британиялык алты жоокер өлтүрүлгөн. Чет элдик аскерлерге кол салуунун күчөшүнөн улам, учурда Ирактагы бириккен күчтөр кылмышкерлерди колго түшүрүү максатында өлкөнүн бардык аймактарында аскердик аракеттерди жүргүзүшүүдө. АКШнын Ирактагы администрациясынын башчысы Пол Бремер жекшемби күнү эл аралык маалымат булактарына берген интервьюсунда мындай аракеттер Саддам Хусейндин тарапкерлери толук талкалангычакты улантылаарын жарыялады. Соңку маалымат боюнча бүгүн Иракта болгон атышуудан төрт жергиликтүү жаран каза болуп, эки америкалык жоокер жарадар болду.
АКШнын Ирактагы аскерлери чет элдик эки жоокердин өлтүрүлүшү боюнча иликтөөнү улантышууда