Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:35

Палестиналык исламчыл “Хамас”, “Жихад” топтору Израилге каршы үч айлык мөөнөткө ок атышууну токтотоорун тургандыгын жарыялашты


Жекшемби күнү Палестиналык исламчыл “Хамас”, “Жихад” топтору Израилге каршы үч ай бою ок атууну токтото тургандыгын жарыялашты. Ал эми мындай билдирүүгө ушул эле күнү Палестинанын “Фатх” тобу азырынча кошулбай тургандыгын маалымдады. Радикал исламчыл маанайдагы палестиналык топтор жогорудагыдай кадамдарга баруу менен Израил бийлигинен Газа өрөөнүнөн, Вифлеемден жана Иорданиянын батышынан өз аскерлерин алып чыгышын талап кылышууда.
АКШнын Коопсуздук маселери боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс бүгүн Израилдин жогорку бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүү өткөрүүдө. Жорж Буштун кеңешчиси аймакка каршылашкан тараптардын жетекчилери менен АКШ баш болгон бир катар өлкөлөр тарабынан сунушталган “Жол картасы” планын турмушка ашыруунун шарттарын талкуулоо үчүн келди. Кечээ Кондолиза Райс Палестинанын өкмөт башчысы Махмуд Абас менен жолугушкан.

XS
SM
MD
LG