БИШКЕК. 30-июнда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төртүнчү сессиясы cоңуна чыкты. Эми парламентчилер күзгү сессияга сентябрь айынын башында чогулушат. Сессиянын акыркы күнүндө депутаттар президенттин «Насостук станциялар менен сугарылган айыл-чарба субъектеринин чыгашаларын компенсациялоо» жана «Айыл чарбасын колдоо максатында айыл чарба продукцияларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамдарга койгон каршы пикирин конституциялык көпчүлүк добуш менен четке кагышты. Бул күнү депутаттар Өмүрбек Текебаевдин сунушу менен «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча бир мандаттуу шайлоо округдарынын тизмесин» бекитишти. «Жогорку Кенеш күзгө чейин таратылбайт деп, эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан биз бүгүн тизмени бекитип коюшубуз керек», деди Ө.Текебаев. Конституциянын жаңы редакциясына ылайык Жогорку Кеңешке 70 бир мандаттуу шайлоо округдарынан 70 депутат шайланат.