Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:23

Саламаттык сактоо министрлиги кошумча төлөө тартибин киргизди


БИШКЕК. 1-июлдан баштап саламаттык сактоо тармагы Кыргызстандын аймагында жарандарды дарылоо үчүн мамлекет кепилдеген каражаттан тышкаркы чыгымдарды кошумча төлөө тартибин киргизет. Бул тууралуу дүйшөмбүдөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Миталип Мамытов билдирди. Анын айтымында, медициналык камсыздоодон өткөн жарандар дарылоого кеткен чыгымдын 30 пайызын, камсыздоосу жоктору 70 пайызын төлөшөт. Мындай тартипти саламаттык сактоо министрлиги буга чейин Ысыккөл жана Чүй облустарында сыноодон өткөрүп, натыйжалуу жыйынтыкка жетишкен. Тармак жетекчилеринин пикирлерине караганда, мындай ыкма каражат чогултууда ачык-айкындыкты, сапаттуу тейлөөнү, дары-дармектердин оңой табылышын жана паракорлуктун азайышын шарттайт. Миталип Мамытовдун айтымында, түшкөн каражаттын 30 пайызы медицина кызматкерлеринин айлыгына, 60 пайызы дары-дармекке чыгымдалат жана 10 пайызы медицина кызматына акы төлөөгө чамасы жок оорулуулар үчүн резервде сакталат. Медициналык атайын камсыздоодон калктын 86 пайызы өткөн. Калктын 10 пайызы медициналык жеңилдетилген кызматтан пайдалануу укугуна ээ.

XS
SM
MD
LG